Жаңылыктар
Эл өкүлдөрү аскер жашоосу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эл өкүлдөрү аскер жашоосу менен таанышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаттары аскер бөлүктөрүндөгү абал жана шарттар менен жакындан таанышты. 

Эл өкүлдөрүнө абадан кол салуудан коргонуу базасындагы жагдай көргөзүлдү. Андан соң депутаттар тик учма менен Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө келип милдет өтөп жаткан жаш жоокерлердин аскер талаасындагы күжүрмөн машыгуусуна күбө болушту. 

Ошондой эле, депутаттарга курал-жарактардын түрлөрү көргөзүлүп, алар ар түрдүү куралдан бутага ок атышты. Иш-чара Башкы штаб, өкмөт жана парламенттеги тиешелүүу комитеттер тарабынан уюшулуп, аскер тармагындагы маселелер менен жакындап танышуу максатында уюшулган.