Жаңылыктар
Лондондо 27 кабаттуу үй толугу менен өрт кучагында калды
Дүйнө
Лондондо 27  кабаттуу үй толугу менен өрт кучагында калды

Лондондо көп кабаттуу үй толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу чет элдик жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Ал эми, күбөлөр окуя болуп жаткан жерди видеого тартып, социалдык баракчаларына жайгаштырууда. Учурда өрт өчүрүү кызматтары жалындап күйүп жактан өрттү өчүрүү менен алек.

Чет элдик басылмаларга таянсак, түтүнгө ууланган 2 адамга жардам көрсөтүлгөн. Өрт чыккан жерге өрт өчүрүү кызматынын 200дөй кызматкерлери тартылган. Кырсыктын себептери такталууда, ал эми башка жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.