Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү бекитти
Шайлоо 2023
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү бекитти

Президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү Жогорку Кеңеш колдоду. 14-июнда парламентте "Президентик шайлоону дайындоо жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алууну жыйынга катышкан 82 депутат колдоду. Токтомго ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талаптарына ылайык таза жана ачык айкын шайлоону камсыз кылуу милдети жүктөлдү. 

Андан сырткары Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилет. Ошондой эле, Өкмөткө президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында чараларды көрүү сындуу тапшырмалар каралган. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да аймактык шайлоо комиссияларынын ишине кол кабыш кылууга тийиш. Эске салсак, Конституция талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.