Жаңылыктар
"Азиздер жана дүлөйлөр" коомунда батир чыры дагы деле уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Азиздер жана дүлөйлөр" коомунда батир чыры дагы деле уланууда

Өлкөдө Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнө батирлерди бөлүштүрүү боюнча чыр дагы деле уланууда. Аталган коомго Бишкек шаарынан берилген көп кабатуу 4 үй учурда камакка алынган. Укук коргоо органдары тарабынан бул боюнча “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы баш болгон бир катар өкулдөру бул боюнча маалымат жыйын курушуп, көйгөйлөрүн бийлик башындагыларга жеткирип коюуну өтүнүшөт. Жакында эле Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коому экиге бөлүнүп, эки башка митинг уюштурушканы маалым. 15 чакты адамдан турган биринчи топ коомдун каражаты туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деп анын жетекчилигине нааразы болгон. Эки жуз, уч жуздон ашкан экинчи топ аларды "провокатор" деп атап, коомду бөлүнбөөгө чакырышкан.

Нааразы билдиргендер уйлорду болушутуруудо “кол ийрисине тартат” болуп, бир катар мыйзамсыз иштер орун алганын айтышат. Айрым батирлер он эки мучосу тугол, акыл-эси тунук эле соп-соо адамдарга берилген деген да айыптоолор бар.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсу, угуу жагынан майып, Бишкектин четиндеги Кок Жар конушундагы 24/1 турак уйдун башкармачысы Шахризада Аскарова 30 жылдан бери коомдо мучо болуп, батир алган. Ал 225 батирден сегизи майыптар менен иштеген кызматкерлерге да берилгенин, мунун баары мыйзамдын, уставдын чегинде болгонун белгилейт.

Аталган коомдун юристи Сергей Брюханов кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун белгилейт. Ал белгилегендей, Азиздер коому мамлекеттик же болбосо коммерциялык эмес уюм болгондуктан, мыйзамдын жана коомдун кабыл алынган ички уставынын негизинде иш алып барат. Коомдук уюм катары оз мучолоруно милдеттуу турдо аткара турган токтом, буйруктарды чыгарыга акылуу. Ички тартипке макул эместер сотко кайрылууга акылуу. Ага карабай прокуратура кылмыш иши козгогонууна юрист тан калганын билдирет:    

Бозулан Ысаков, Биринчи радио