Жаңылыктар
Өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү
Экономика
Өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү

Экономика министрлиги бир айдын ичинде каатчылыкка каршы иштердин аткарылышы боюнча планды иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу, премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди. 

Негизи отурум каатчылык менен кантип күрөшүү керек деген маселенин тегерегинде болгон эле. Бирок экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев министрликтин алдыдагы планын канаатандыраарлык айтып берген жок. 

Ошондой эле бизнес өкүлдөрү насыянын көлөмү жетишсиз экенин айтып жатканын Сариев кошумчалады. Буга байланыштуу ишкерлерди насыя менен толук камсыздоо үчүн кошумча булактарды издөө керек. 

Ишкерлерди жөнү жок текшерүүлөр да жөнгө салынышы керек деди өкмөт башчы. Мындан тышкары каатчылыкка каршы программанын алкагында 2015-жылы орто эсеп менен пенсия 250 сомго жогорулаганы белгиленди. 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга төлөнчү жөлөк пул 15 пайызга жогорулап, ал 810 сомду түздү.