Жаңылыктар
Бишкекте кайтарымсыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө
Ден соолук
Бишкекте кайтарымсыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө

14-июнь донорлордун дүйнөлүк күнү. Буга карата Бишкекте кайтарымсыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө. Иш-чараны Республикалык кан борбору менен Кызыл ай коому уюштурууда. 

Кан донору болгусу келгендер медициналык текшерүүдөн өтүп, канынын курамы, кан басымы, тапшыруучунун салмагы талапка туура келгендери кан тапшырууда. Донордун жашы 18ден кем эмес, 60тан ашпаган болушу керек. Дарыгерлердин айтуусунда, бир адамдын кан берүүсү, эки өмүрдү сактап калат. Өлкө боюнча 3 миң 850 адам ардактуу донор катары каттоого алынган. Мындан сырткары, түрдүү акциялардын алкагында бир ирет кан тапшырган жарандар арбын.

“Тилекке каршы бизде кан тапшыргандар аз. Анын зыяны жок, пайдасы организмди жашартып, жаны клеткаларды пайда кылат", - дейт Республикалык кан борборунун жетекчиси Бакыт Карабаев.