Кыргызстанда төрөлгөн ар бир бала мамлекеттен жөлөк пул алат. “Мамлекеттик жөлөк пулдар ” жөнүндөгү мыйзам долбооруна өзгөртүу киргизүү демилгеленүүдө. Түзөтүүлөргө ылайык, үй-бүлөдөгү киреше, үйдөгү мүлк, буюм-тайымдар мурдагыдай эсептелбейт. Жөлөк пул 3 категория боюнча берилет. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилет. Ошондой эле 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилет. Мыйзам долбоору тармактык комитеттин колдоосуна ээ болду.
Кыргызстанда көп үй-бүлөлөлөр мамлекеттик колдоосуна муктаж. Айрыкча аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөр , кайсы бир тоскоолдуктардан улам балдарына жөлөк пул ала албай келишет.
Мына бул жагдайларды эске алуу менен депутаттар тобу , аталган мыйзамга өзгөртүу киргизүүну демилгелешти. Демилгеге ошондой эле буга чейин берилип келген жөлөк пул мүлкү, кирешесине жана жашоо шартына жараша бөлүнүп калк арасында нааразычылыкты туудургандыгы да себеп болгон. Депутат Карамат Орозованын айтуусунда, мыйзам долбоору балдары бар үй-бүлөлөрдүн жана пенсия менен камсыз болууга укугу жок эмгекке жараксыз адамдардын мамлекеттик жөлөк пулдарга жетүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана мамлекеттик жөлөк пулдар үчүн кайрылууда коррупциялык тобокелчиликти максималдуу кыскартууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
2009-жылы , жөлөк пулдардын даректүүлүгүн жогорулатуу боюнча өзгөртүү киргизүү демилгеленип, бирок ал ишке ашкан эмес. Ага сунушталган системада коррупциялык механизмдер бар деген жүйө келтирилген. Депутат Аида Камсымалиева мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен өлкөдөгү 32%ды түзгөн жакырчылык деңгээли 28%га чейин азаярын, жөлөкпул алууга буга чейин талап кылынган толгон-токой документтердин ордуна баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин жашаган жери боюнча маалымкат гана талап кылына тургандыгын билдирди.Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору кубаттоого татырлык. Мамлекет тарабынан жөлөк пул чегериле баштаса, сөзсүз ар бир үй-бүлөгө тыгынчык болот дешет шаар тургундары.
Гүлбү Усенова, Биринчи радио