Жаңылыктар
Өкмөт башчы бир катар агенттиктердин жетекчилерин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы бир катар агенттиктердин жетекчилерин кабыл алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабировду кабыл алды. Сабиров өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы аракеттенүү жана аны жөнгө салуу, баа түзүү боюнча маалымат берди. 

Өкмөт башчы өлкөнүн буюмдар, жумуштар жана кызматтар боюнча рынокторунун натыйжалуу иштеши, бизнести өнүктүрүү үчүн бирдей конкурстук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын туура коргоону камсыз кылуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министр Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана уюлдук операторлордун тейлөө кызматтарынын баасын тыкыр текшерүүнү тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев менен Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу союзунун төрагасы Эмил Алымкуловду кабыл алды. 

Жолугушууда өзүн өзү башкаруу тармагын өнүктүрүү жана келечекте республика боюнча этностор аралык мамилени чыңдоо тууралуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы көп улуттуу элдердин биримдигин бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү өзгөчө маанилүү экендигин жана бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери жарандар менен бирдиктүү иш алып барышын талап кыларын билдирди. Премьер-министр жергиликтүү органдардын ишин жакшыртуу боюнча бир топ тапшырмаларды берди.