Жаңылыктар
Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан диний реформалар
Дин
Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан диний реформалар

Өлкө эгемендик алгандан кийинки жылдары көптөгөн мечит, медреселер салынды, бир катар диний окутуу жайлары ачылды. Маселен, 1991-жылы өлкө боюнча болгону 39 мечит-медресе бар болсо, 2005-жылы миңден ашууну катталган.

Мындай жайлардын ачылышы жакшы. Бирок, саны көп болгону менен, медреселердеги билим берүүнүн сапаты өспөй эле. Медресе директорлорунун 90% ашууну кечээ жакында эле жалпы республика боюнча өткөн аттестациядан өтпөй калышты. Мындай көрсөткүч - коомдун диний сабатсыздыгынын эң төмөнкү чегине алып барары турган иш. 

Учурда өлкө боюнча имамдарды окутууну "Ыйман" коомдук фонду жүргүзүп келет. Фонд эки жыл мурун президент диний сабаттуулукту жогорулатуу, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо жана диний экстремизмге каршы иш жүргүзөт максатында түзүлгөн. Имамдарды окутуу уланууда. 


Ал эми, медресе мугалимдерине аттестация бир айга созулат. Аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдулла Асранкуловдун айтымында, 2014-жылы киргизилген эреже боюнча медресе башчылары диний жогорку билимге ээ экенин тастыктаган дипломдуу болууга тийиш. Буга чейин өлкөдөгү дин чөйрөсүндө талаптар жогору эмес болчу. 



Дүйнө жүзүндө экстремизм идеологиясын жайылткандар ислам динин жамынып аракет кылаары маалым. Ошондуктан момун мусулмандарды туура эмес диний агымдарга азгырууга жол бербөө багытында иштер жасалууда. 

Бул боюнча эксперттер дагы коңгуроо кагышууда. Анткени, диний сабатсыздык - эмнеге алып барарын биз жакшы билебиз. Кененирээк Уланбек Дыйканбаевдин материалында: