Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу талапкер
Саясат
Сооронбай Жээнбеков президенттикке татыктуу талапкер

Президенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталды. Эми болсо жарандардын алдында болочоктогу өлкө башчысын тандоо вазыйпасы турат. Саясий партиялар өлкө башчысына талапкерлердин аты-жөнүн расмий жарыялай элек, бирок потенциалдуу талапкерлер шайлоого аттана тургандыгын жарыялашкан. Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши өткөн айда азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкердигин президенттикке көрсөткөн. Эми алдыда партиянын съезди өтөт.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши президенттикке талапкер боюнча бир чечимге токтолоордон мурда партиянын айрым өкүлдөрүнүн талапкерлерин да талкууланганын КСДП фракциясынын депутаты Асель Кодуранова билдирет. Анын айтуусунда бул тандоо, башкача айтканда “праймариз” демократиялык негизде болду. Иликтөө топтору тарабынан сурамжылоо да жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги татыктуу деген чечимге келишкен.
Эми саясий партиялардын курултайлары өткөрүлөт. Ошондон кийин гана талапкерлер тандалып, президенттикке көрсөтүлөт.