Жаңылыктар
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү
Ден соолук
Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү

Бул күнү Бишкекте кайтарымсыз кан тапшыруу акциясы уюштурулуп, иш-чара кечке чейин уланды. Адам өмүрүн сактап калууга чакырган акцияга туруктуу донорлор, ардактуу донорлор жана алгач ирет кан тапшыргандар келишти.

Жаш өзгөчөлүк да мааниге ээ. Донордун курагы 18 жаштан кем эмес, 60тан ашпаган болушу керек. Кан тапшыртуу акциясы жыл сайын 14-июнда, дүйнөлүк кан донорлорунун күнүндө өтүп турат. Максаты - коомчулуктун көңүлүн кан тапшырууга буруу. Дарыгерлердин айтуусунда, бир адам кан берген учурда эки адамдын өмүрү сакталып калат.

Акцияга келип, кан тапшырууну каалап, кезек күткөндөр көп. Булардын арасында кадрдык донорлор, ардактуу донорлор жана биринчи ирет келгендер бар. Негизи кан борбору мындай акциялардан 300дөй адамдан кан алышчу. Бул жолку иш-чарада каалоочулар көптүгүнөн кан алуу кечке чейин уланды.