Жаңылыктар
Ыйык Рамазан айы жыл ичиндеги соопторду чогулта турган эң баалуу ай
Дин
Ыйык Рамазан айы жыл ичиндеги соопторду чогулта турган эң баалуу ай

Орозодо адамдарга күнү бою тамак-аш, суудан баш тартып, руханий жактан өзүн азыктандырып, жаман кылык-жоруктардан тазаланууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан мусулмандар ыйык айды чыдамсыздык менен күтүшүп, ушул айда жакшы тилектерди тилеп, соопчулук иштерин көбүрөөк жасаганга аракет кылышат.

Ыйык Рамазан айы мусулман үй-бүлөсүндө молчулуктун жана кубанычтын айы. Таңдан күн батканга чейин орозо кармап, күнү бою тамак-аштын бардык түрүнөн баш тартышып, колун жаман иштерден, арам ойлор менен заар сөздөрдөн тилин сактаганга аракет кылышат. Орозо кармоо исламдагы беш парздын бири. Рамазан айында сыйынуу, соопчулук иштерин көбүрөөк жасоо менен мусулмандар Аллага жакындоону максат кылышат.
Орозону дүйнөдөгү миллиарддаган мусулмандар кармашат. Рамазан айынын келиши менен алар күнүмдүк адаттарын, иштерин жана жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, аз да болсо кайрымдуулук менен соопчулук иштерине салым кошуп калганга аракет кылышат.