Жаңылыктар
“Аяр бала” реабилитациялоо борбору колдоого муктаж
Ден соолук
“Аяр бала” реабилитациялоо борбору колдоого муктаж

Оштогу “Аяр бала” реабилитациялоо борбору колдоого муктаж. Имарат чейрек кылым мурда курулган, андагы эки бөлмө авариялык абалдан улам жабылган. 

Калган бөлмөлөрдө да тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес. Эскилиги жеткен  имаратта ооруларды айыктыруу үчүн эч кандай апараттар орнотулган эмес.  

Тагыраагы соңку үлгүдөгү аппараттар да жок. Бирок борбор тубаса шал же кыймыл  таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү үчүн түптөлгөн.