Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында жер титирөөлөрдөн жабыркаган 210 үй бузулду. Бул тууралуу райондук администрациянын аппаратынын жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.
Анын айтымында, эски үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү куруу үчүн курулуш материалдар даярдалган. Учурда өз алдынча үй сала албай турган үй-бүлөлөрдүн тизмеси такталууда. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, 15 аз камсыздалган үй-бүлөгө 2 тоннадан цемент акысыз берилди.