Жаңылыктар
Кара-Алма токой чарбасынын жетекчисин элдер айыпташууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Алма токой чарбасынын жетекчисин элдер айыпташууда

Кара-Алма токой чарбасынын короосуна чогулган ондой жаран чарба директору Каныбек Жумаевди өзүм билемдиги менен кадр саясатын туура жүргүзбөгөнү үчүн айыпташты. 

Кара-Алма токой чарбасында жакында эле жаңгак дарагына малак курт түшкөндүгү жана чарбада социалдык-экономикалык жагдай начарлаганын, кызматкерлердин кошумча төлөнүүчү акчаларды бербей өзү иштетип жаткандыгын белгилешип, директордун кызматтан кетишин талап кылышты. Ал эми Жумаев коюлган айыптарды четке какты.

Жасалган жумуштар мыйзам ченемдүү экенин жана арыздангандарды айрымдары төрт жолу мыйзам бузгандыгы үчүн соттолгон адамдар болуп жатканын баса белгилөөдө.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"