Жаңылыктар
Тайырбек Сарпашев кызматынан бошотулду
Саясат
Тайырбек Сарпашев кызматынан бошотулду

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулду. Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине байланыштуу маселе эмнеге чечилбей жатканына кызыгышкан. 

31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда. 

Убактылуу иштен четтетилген Сарпашев козголгон иш боюнча күнөөсү жоктугун, тергөө менен кызматташууга даяр экенин айткан. Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын наябрында дайындалган.