Жаңылыктар
Сузакта жүк ташуучу унаа күйүп кетти
Кырсык
Сузакта жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Сузакта ун тартып бараткан жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Маалыматка ылайык, окуя Топурак-Бел ашуусунда катталган. Жалал-Абад облустук Кайгуул милициясы кабарлагандай, окуя 14-июнда эртең менен болгон. 

Бирок, унаа ээлери эч кандай арыз доосу жок экенин билдиришкен. Өрт белгисиз себептерден чыгып, жүк жүктөлгөн унаа толугу менен күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча өрт унаанын зымдарынын чыңалуусунан чыккан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес, айдоочу өрттү өз учурунда байкап унаадан түшүп кетүүгө жетишкен. Азыр жалпы материалдар чогултулуп териштирүү жүрүүдө.