Жаңылыктар
Араванда жашылча-жемиштерди сатыкка даярдоочу борбор ачылды
Айыл чарба
Араванда жашылча-жемиштерди сатыкка даярдоочу борбор ачылды

Араван районунда жашылча-жемиштер үчүн консолидациялык борбор ачылды. Мындагы заманбап жабдуулар аркылуу жашылча-жемиштер көлөмүнө жараша 3 башка иргелет. Андан кийин, атайын түзүлгөн программанын негизинде тор баштыкчаларга салынып, сатыкка даяр чыгарылат. 

Адистердин айтымында, бул борбор дыйкандардын түйшүгүн гана жеңилдетпестен, алардын продукцияларын сатууга да көмөк көрсөтө алат. Продукцияны сыртка экспорттодо борбор тарабынан тийиштүү документтер да берилет. Борбор жергиликтүү 20 жаранды жумуш орду менен камсыз кылды. Жалпы Ош облусунун аймагында, 12 миң гектардан ашуун аянтка картөшкө эгилсе, анын 1800 гектары Араван районуна таандык. Ал эми Араван районунда 16 миң гектардан ашуун сулуу жер аянты бар.