Жаңылыктар
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөн күнү
Саясат
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөн күнү

15-июнь Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөн күнү. Аталган уюм мындан 16 жыл мурун уюшулган. Ага мурда 6 өлкө: Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирсе, жакында Астанада өткөн саммиттен кийин Индия менен Пакистан кошулду. 

Эми уюм дүйнө калкынын 43 пайызын кучагына алды.Бирикмеге кирген өлкөлөрдүн жалпы аянты 34 миллион чарчы километрге жетти. Ал эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы 33 триллион долларды түзөт. ШКУнун негизги максаттары: мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы ынак коңшулук жана дос кызматташтыкты бекемдөө; саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият тармактарында, ошондой эле билим берүү, энергетика, транспорт, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка багыттарда эффективдүү кызматташууга өбөлгө түзүү, аймактарда тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо.