Жаңылыктар
Президент А. Атамбаев БУУнун өкүлүн кабыл алды
Саясат
Президент А. Атамбаев БУУнун өкүлүн кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен улуттар уюмунун ортосундагы кызматташууну чыңдоого кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады. 

Мамлекет башчысы Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши жана өлкөнүн Бириккен улуттар уюму менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү маанилүү реформаларды жана кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде көрсөткөн жардамын баса белгиледи. Жолугушууда Кыргызстандын түйүндүү тармактарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү, өлкөнүн жарандык секторун мындан ары өнүктүрүү маселелерин жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жакында Кыргызстанга жасаган сапарынын жыйынтыктары талкууланды. КыргызстанБУУрейтингиндепозициясынжакшыртты

Ал эми Александр Аванесов жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өз ишинде ар дайым өлкөнүн президентинин жеке колдоосун сезип тургандыгын баса белгиледи.