Жаңылыктар
БШК президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр
Шайлоо 2023
БШК президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун календардык планын жарыялады. Ага ылайык талапкерден талап кылынган 30 миңден кем эмес кишинин колу шайлоого 50 күн калганга чейин өткөрүлүшү зарыл. 

Документтерди кабыл алуу шайлоого 35 күн калганда токтотулат. Талапкерлерди каттоо 10- сентябрда аяктап, дал ушул күнү үгүт өнөктүгү башталат. Президенттик шайлоого ат салышууну каалагандар документ тапшырылгандан 10 күндөн кийин талапкер катары катталаарын эске алышы зарыл. 

Мамлекет башчысын шайлоо 15-октябрга дайындалган. Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомго ылайык бүгүн талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы 20 күндүн ичинде же 4- ноябрга чейин аныкталышы зарыл.

“Добуш берүүгө 35 күн калганда каттоо аяктап, үгүт компаниясы башталат. Добуш берүүнүн натыйжалары 20 күндүн ичинде аныкталат. Анын жыйынтыгында кандидат 50 пайызынан ашпаса 2 жуманын ичинде экинчи тур өткөрүлөт”,- деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.