Жаңылыктар
“Кошой” кант заводу толук кубаттуулукта ишке берилет
Экономика
“Кошой” кант заводу толук кубаттуулукта ишке берилет

Октябрь айында Сокулуктагы “Кошой” кант заводу толук кубаттуулукта ишке берилет. Эгер күзүндө завод ишке кирсе, кызылчаны кайра иштетүү жана калкты ата мекендик кумшекер менен камсыздоо маселеси чечилет. 

Ошол эле учурда миңдеген жумуш орундары түзүлөт. Учурда завод толук модернизациядан өтүп жатат. Бул максатта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 10 миллион долларлык каражат алынган. Каражатка жабдуулар жаңыртылып, автоматташтырылган тутумга өткөрүлөт- деди ишкананын башкы директору Александр Барбалат. 

Заводдун иши менен таанышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "Кошой" заводу ишке кирсе келечекте Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө кумшекерди экспорттоону баштайт. Мындан улам, өкмөт башчы ишкана белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилип, былтыркыдай дыйкандар үчүн кант кызылчасын өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралбай турганын белгиледи.

“Баардык маселени мыйзам чегинде чечүүнү талап кылып жатабыз. Завод ишке кириши керек. Элге ата мекендик кумшекер жетиши керек. Биз ишканаларды колдоп жумуш ордун түзүп беришибиз керек",- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.