Жаңылыктар
Кыргызпатенттеги коррупциялык көрүнүштөргө карата чара
Коррупция
Кыргызпатенттеги коррупциялык көрүнүштөргө карата чара

Коопсуздук кеңешинин эксперттик жумушчу тобу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан 11 коррупциялык аймакты жана 17 тобокелчилик табышты. Тобокелчиликтер көбүнесе арызды кабыл алуу жана аны кароо мөөнөтүнүн создуктурулушу, каржылык мыйзам бузууларга жана кандайдыр бир эмгектин авторлоруна сый акы төлөп берүүдө байкалган.  Эксперттик жумушчу топ Кыргызпатенттеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча да узак убакыт изилдөө жүргүзүшкөн. Тобокелчиликтер бир нече багыттар боюнча аныкталган. Маселен арыз берүү жана аны кароонун тартиби, мында көбүнесе кезек күтүү принциби бузулган. Мындан сырткары ишкерлер өздөрүнүн товардык белгилерин каттатууда маселе жаралат.


Жумушчу топ мындан сырткары эмгектин авторлоруна берилчү сый акы ачык айкын жана таза бөлүштүрүлбөйт деген бүтүмгө келишкен. Бирөөнүн чыгармасын башкасы өзүнө ыйгарып алган учурлар көп болот. Мыйзам чегинде чара көрүлбөй калганы канча. Эксперттер мына ушул эрежелерди тартипке келтирүүнү сунушташкан. MEDIA1LEFT 
Жумушчу топтун иликтөөсү учурунда ири каржылык мыйзам бузуу фактылары да ачыкка чыккан. Мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү аны мурунку жетекчилиги тарабынан өөнөлүп кеткен ири суммадагы каражатка байланыштырышууда.

Кыргыз патенттин жетекчилиги табылган кемчиликтердин бардыгы менен макул. Айрымдарын жоюу боюнча аракеттерин башташкан. Маселен арыз кабыл алуу, кароо процедураларын электрондук система аркылуу жүргүзүү пландалууда.
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы кемчиликтерди кыска убакыттын ичинде жоюуну убалап жатышат, коррупциялык тобокелчиликтерге байланышкан бардык сунуш пикирлер иш планга киргизилип, тиешелүү тапшырмалар берилди.