Жаңылыктар
"Ысык-Көл" аэропорту коңшу өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл алат
Кыргызстан жаңылыктары
"Ысык-Көл" аэропорту коңшу өлкөлөрдөн каттамдарды кабыл алат

Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 30-июндан тарта аба каттамдарды кабыл алат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди. 

Биринчилерден болуп Оштон келген учак конот. Учактар Ош - Ысык-Көл - Ош каттамы боюнча ар жума жана жекшемби күндөрү учуп турат. Мындан сырткары, чет элдик учактар да каттап баштайт. 4-июлда Алматы менен Ташкент шаарларынан каттамдар келсе, 6-июлда Новосибирск калаасынан келген учак конот. 

Быйыл Казакстандан дүйшөмбү, бейшемби жана жума күндөрү Алматы - Ысык-Көл - Алматы багыты боюнча туруктуу сегиз каттам уюштурулат. Ошондой эле, шейшемби жана шаршемби күндөрү Ташкент жана Новосибирскиден аба каттамы уюштурулат.