Жаңылыктар
Республикалык театралдык фестиваль жыйынталды
Маданият
Республикалык театралдык фестиваль жыйынталды

15-июнда, республикалык тогузунчу театралдык фестиваль жыйынталды. Калыстар тобунун чечими менен эң мыкты –деп  табылган Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театры койгон “Айкөл Манас” спектакли 40 миң сом акчалай сыйлык жана “Арт-Ордо”  театралдык фестивалына жолдомо алды. Ошондой эле бир катар номинация боюнча  10миң сомдон, 20 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар ыйгарылды. 

Ал эми чыгармачылыкты баалоодо: мыкты режиссура, аялдын жана эркектин мыкты ролу, мыкты сүрөтчү, мыкты декерация  үчүн өңдүү 10 миң сомдон, 20 миң сомго чейинки бир катар арналуу сыйлыктар тапшырылды.  Бул жолу кыргыз эл акыны, драматург  Жалил Садыковдун 85 жылдыгына арналган Республикалык 9-театралдык фестивалды Шаршен Термечиков атындагы Чүй областтык драма театры өткөрдү, кийинки театр фестивалын  уюштурду кезеги Касымалы  Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык музыкалуу драма театрына берилди.  

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”