Жаңылыктар
Президенттик шайлоону өткөрүүдөгү каражаттын өлчөмү аныкталды
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоону өткөрүүдөгү каражаттын өлчөмү аныкталды

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоону өткөрүү үчүн 671 миллион 502 миң сом керектелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, чыгымдар 14-июнда эсептелген. Ошондой эле, БШК төрайымы аталган каражат эмнеге сарптала тургандыгын дагы айтты. Алсак, өлкө аймагындагы шайлоо участогунда иштеген 24 миң кишиге эмгек акы катары 281 миллион сом өлчөмүндө акча бөлүнөт. Аларга бир айда 2 миң сом төлөнсө, операторлорго 3 миң сомдон акы берилет.