Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолунун Көчкү-Булак деген жерине галерея курулат
Экономика
Бишкек-Ош жолунун Көчкү-Булак деген жерине галерея курулат

Жогорку Кеңеште “Ата-Мекен” фракциясы кыргыз өкмөтү менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык  агенттигинин (JICA) ортосундагы "Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоорун кабыл алды. 

Ага ылайык Бишкек-Ош жолунун 246 чакырымындагы Көчкү-Булак деген жерге галерея курулат. Башкача айтканда 450 метр келген жасалма тоннель салынат. Бул жерге жылына кышкысын бир нече ирет көчкү түшүп, адам өмүрүн алган учурлар катталат. Япон өкмөтү кырсыктын алдын алуу  жана токтоосуз кыймылды камсыз кылуу үчүн грант бөлдү. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"