Жаңылыктар
Президент жаңы дайындоолор боюнча жарлыкка кол койду
Саясат
Президент жаңы дайындоолор боюнча жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргызстандын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. 

Президенттин дагы бир Жарлыгына ылайык, Бообек Салимжанов Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды.