Жаңылыктар
Дүйнөдөгү эң начар аэропорт Кувейттин эл аралык аэропорту табылды
Дүйнө
Дүйнөдөгү эң начар аэропорт Кувейттин эл аралык аэропорту табылды

“AirHelp” компаниясы жүргүнчүлөр арасында жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде дүйнөдөгү эң начар аэропорт Кувейттин эл аралык аэропорту табылды. Экинчи орунду Лондондогу Гатвик, ал эми үчүнчүнү Манчестер алды. Мындан сырткары, компания мыкты аэропортторду аныктап чыккан. Сурамжылоонун  негизинде алдыңкылардын сап башында Сингапурдагы “Чанги” аэропорту турса, экинчиде Германиядагы “Мюнхен”, ал эми үчүнчүнү “Гонконг” аэропорту алган. 

Тизмеде Орто Азиядагы  эл аралык аэропорттор кирген эмес. Адистердин айтууларында, Кыргызстандагы  “Манас”, “Ош”  аэропортторунда  акыркы кездерде  эл аралык талапка  ылайык реконструкция  иштери жүргүзүлүүдө. Бирок дагы деле эске алчу жагдайлар бар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"