Жаңылыктар
Кыргыз маданиятынын "темир айымы" Күлүйпа Кондучалова
Маданият
Кыргыз маданиятынын "темир айымы" Күлүйпа Кондучалова

Күлүйпа Кондучалова элди ыймандуулукка, адепке жана руханий бийиктикке багыт берген инсан болгон. Аны үлгү тутуп, суктанышчу. Советтер союзунун мамлекеттик кызматкери, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалованы шакирттери, билгендер мына ушундай эскеришет. Күлүйпа Кондучалова 20 жылдан ашык убакыт маданият тармагын жетектеп турган. Анын башкаруусу астында Искусство институту жана Музыкалык-хореографиялык окуу жайы, музыкалык мектептер, маданият үйлөрү, айылдык клубдар жана китепканалар ачылган.

Анын аты менен кыргыз маданиятынын алтын доору байланышкан. Анын башкаруусу астында Советтик Кыргызстандын профессионалдык искусствосу гүлдөгөн. Дал ошол 60-80-жылдары опера, балет, театр, кино, сүрөттө чыгаан ишмерлер чыккан.

"Мен студент убагымда обон жазып баштадым. Бир ирет мен чакырды. Кантип эле мени министр чакырып жатат деп таң калдым. Өзү сүйлөштү. Көрсө ал өлкөдөгү ар бир артистти, жаңы баштагандардан бери билчу экен. 1958-жылы министр кылып дайындашты. Ал Ташкенттен, Москвадан аяктаган улуттук кадрларды колдочу”,- деди маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков.