Жаңылыктар
Ат-Башыда салтка айланган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өтөт
Маданият
Ат-Башыда  салтка айланган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өтөт

Ат-Башыда 28-29 июнь күндөрү салтка айланып калган кыргыз шырдагынын VII фестивалы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Уюштуруучулар иш-чаранын максаты кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү боюнча мурастарын, кийиз жасоо өнөрүн сактап калуу, уздарды колдоо экендигин айтты. 

Фестиваль өткөн аянтта кийиз буюмдарын жасоо, улуттук тамак-аш даярдоо боюнча мастер-класстар өтөт. Иш-чаранын алкагында кымыз фестивалы, устат-шакирт мектеби, жаш уздардын мыктыларын тандоо сынагы жана узун чачтуулардын кароо сынагы өтөт. 

Андан сырткары, "Арууке", "Ак-Муз айымдары", "Арашан", "Казыбек айымдары" аттуу жергиликтүү чыгармачыл топтор концерттик программасын тартуулайт. Маданий иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынын уздары чакырылды. "Кыргыз шырдагы" долбоору 2009-жылдан тарта иштеп келет. Бул иш-чара аймактын экономикалык абалын жакшыртуу, туристтерди тартуу максатын да көздөйт.