Жаңылыктар
Ийгилик жараткан спортчулар өкмөттүк сыйлыктарга ээ болушту
Спорт
Ийгилик жараткан спортчулар өкмөттүк сыйлыктарга ээ болушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен спортчуларга Өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

Премьер-министрдин резервдик фондунан Кыргызстандын волейбол федерациясы 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, өкмөт башчынын атынан баалуу белек менен 6 жашка чейнки өспүрүмдөр арасындагы 2017-жылдын Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Чынгыз Султай дагы сыйланды. 

Сооронбай Жээнбеков:Кыргызстандын дүйнөлук аренадагы кадыр-баркын көтөрүүгө кыргызстандык спортчулар зор күч жумшап жатканын белгиледи.

Кыргыз  Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен Эл аралык мелдештерде көптөгөн ийгиликти жараткан Айсулуу Тыныбекова, Юрий Краковецкий, Каныбек Жолчубеков жана  Муслим Евлаевдер сыйланышты.