Жаңылыктар
“Кыргызалтын” ишканасы Канаданын жогорку сотунда жеңишке жетти
Экономика
“Кыргызалтын” ишканасы Канаданын жогорку сотунда жеңишке жетти

“Кыргызалтын” ишканасы Канаданын жогорку сотунда «Систем Мюхендисликтин» жана Түркиянын «Энтес» компаниясынын үстүнөн жеңишке жетти. Бул тууралуу “Биринчи радиого” аталган мекеменин жетекчилиги билдирди. 

Эске салсак, 2011-жылы Түркиянын «Систем Мюхендислик» компаниясы Канаданын сотуна, “Ак-Кеме” мейманканасына байланышкан арбитраждык чечимдин негизинде “Кыргызалтындын» Центеррадагы акциясын өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Сот 6 жылга созулуп, бир нече ирээт кыргыз тарап да утулду. 

Маселен 2015-жылы “Кыргызалтындын” 47 миллион акциясын камакка алынганы коомчулуктун назарын бурган эле. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"