Жаңылыктар
Өкмөт: мамлекеттик ишканаларды кыскартуу
Саясат
Өкмөт: мамлекеттик ишканаларды кыскартуу

Өкмөт мамлекеттик ишканаларды кыскартуу же кайрадан түзүү жумуштарын улантат. Бул аракеттердин натыйжасында миңден ашык мекемеден отузу калат. 

Премьер-министрдин тапшырмасы менен мамлекеттин үлүшү бар ишканаларга жана акционердик коомдорго жүргүзүлгөн байкоодон кийин алардын санын кыскартуу зарылчылыгы күч экени аныкталды.

Маселе өкмөт башчынын катышуусунда өткөн жыйында талкууланды. 

Соңку он айда мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун натыйжалуулугуна тыкыр байкоо салды. Анын натыйжасы мамлекеттик ишканалардын көбүн тез арада кыскартуу зарылдыгын көрсөттү. Буга көптөгөн ишканалар ишмердүүлүгүн өз багытында жүргүзбөгөнү жана штаттык бирдиктер ашыкча көрсөтүлгөнү далил. 

Мындай ишканалардын катарына “Кыргыз темир жолу”, “Чыгыш автобекети” жана “Кыргызжилкоммунсоюз” сыяктуу мекемелер кирет. Натыйжада 1130 мамлекеттик ишкананын 900ү кагаз жүзүндө гана болгон ишкана деп табылган. 

Мамлекеттик ишканаларды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан жумуштардагы башкы жетишкендик ишканалардын электрондук реестри түзүлдү. Бул алардын ачык-айкын иш алып баруусун камсыздайт. Антпесе мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү бюджетке анчалык деле пайда алып келбейт,тескерисинче көп жылдан бери чыгашалуу мекемелерге айлангандары көп. Бул аракеттердин жыйынтыгында 1130 мамлекеттик ишкананын 137и кыскартылды.