Жаңылыктар
Эл агартуучулардын эс алуу жайы
Кыргызстан жаңылыктары
Эл агартуучулардын эс алуу жайы

Ысык-Көлдөгү "Асыл" пансионаты мындан ары мугалимдердин эс алуусу үчүн кызмат кылат. 

Анткени Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө болгон иш сапарында, аталган пансионатты билим берүү министрлигинин карамагына берүү маселесин чечип берген эле.16-июнда бул аймактагы агартуу тармагынын өкүлдөрү пансионаттын тегерек-четин тазалашып, эс алуу маалына даярдык көрүштү.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, үч жыл мурда мугалимдердин республикалык съездинде өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өкмөткө Ысык-Көлдүн жээгинде мугалимдердин эс алуу жайын курууну тапшырганын эске салды. Министр белгилегендей мугалимдерге болгон мындай колдоо өлкө көз карандысыздыкты алгандан бери биринчи ирет болууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сооронбай Жээнбеков билим берүү тармагынын кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мамлекеттин менчигинде турган пансионатты министрликтин карамагына өткөрүп берүү маселесин чечүүнү тапшырган.

Асыл пансионатынын бир эле убакта үч жүз элүү эс алуучуну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок жетимиш алты миң адам эмгектенген тармака бул көрсөткүч жарабайт. Азыркы учурда пансионаттын аймагында 14 коттедж жайгашканы менен абалы канааттандырарлык эмес. Пансионаттын аймагына билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн 400 орунга ылайыкталган беш кабаттуу жаңы ден соолукту чыңдоо борбору салынат. Жаңы имараттар, заманбап технология менен эс алуучуларды жыл бою кабыл алып, ден соолукту чыңдоо үчүн баардык зарыл шарттар түзүлөт. Курулуш иштери ушул жылы башталат.