Жаңылыктар
Леонардо ДиКаприого "Оскар" сыйлыгы ыйгарылды
Дүйнө
Леонардо ДиКаприого "Оскар" сыйлыгы ыйгарылды

Серепчилер “Алтын глобус” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына реалдуу талапкерлер катары баалап келет. 

Өткөн айда “Алтын глобустун” башкы сыйлыгын режиссер Алехандро Иньярритунун “Тирүү калган” тасмасы жеңип алган. Тасмадагы башкы каармандын ролун аткарган Леонардо Ди Каприо "Мыкты актер" сыйлыгына татыган. Эми болсо, ушул тасмадагы жараткан мыкты ролу үчүн “Оскарды” алып отурат. Бул ирет Ди Каприонун атаандашы катары «Трамбо» тасмасындагы Брайен Крэнстон, «Марсианиндеги” Мэтт Деймон, «Стив Джобс» тасмасында роль жараткан Майкл Фассбендер менен Эдди Редмэйн чыгып жаткан.

 Леонардо Ди Каприо мурда 4 ирет көрсөтүлүп, бирок алган эмес. Жогоруда айтылган “Тирүү калган” тасмасы үчүн Алехандро Гонсалес Иньярриту - мыкты режиссер аталды. Ушул тапта Лос-Анжелесте ондогон наамдар боюнча “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өтүүдө. Кино тармагындагы мыктыларды аныктоо аземи 88-жолу өткөрүлүүдө.