Жаңылыктар
Мигранттар которгон акчанын көлөмү өстү
Экономика
Мигранттар которгон акчанын көлөмү өстү

Чет жактан Кыргызстанга эмгек мигранттар которгон акчанын көлөмү 6 айдын жыйынтыгы боюнча былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 159 миллион 10 миң долларга өстү. 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылууда. Өткөн жылы январь айынан июнь айына чейин мигранттардан 456 миллион 180 миң доллар которулса, быйылкы жылдын ушул эле маалындагы которуулар 615 миллион 190 миң долларга жеткен. 

Улуттук банктын маалыматы боюнча каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген. Мындан тышкары, Казакстандан 1 миллион 300 миң доллар, ал эми калган каражаттар алыскы чет өлкөлөрдөн которулган.