Жаңылыктар
Кыргызстандагы качкындардын абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы качкындардын абалы

20-июнь дүйнөлүк качкындар күнү. Согуш же дагы башка себептерден улам өз өлкөсүн таштоого аргасыз болуп, Кыргызстандан башпаанек издеп келгендер бар. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте 179 киши качкын статусун алса, жыл башынан бери 106 чет өлкөлүк бул макамды алууга арыз берген. Арасында чакан бизнес ачып, жеке жашоосун бийик деңгээлге жеткиргендери да бар.


Миграция кызматынын маалыматында, бүгүнкү күндө өлкөдө качкын статусун алган чет элдик жарандардын саны 179. Алардын басымдуусу оогандыктар. Сирия, Иран, Түндүк Кореядан келгендер да бар. Көпчүлүгү, согуштан качса, экономикалык, социалдык укуктары бузулду деп Бишкектен башпаанек сурагандар. Мындан сырткары, башпаанек сурап 1-июнга чейин 106 адам кайрылган. Жылына баш аягы 200дөй чет элдик качкын макамын алууга арыз берет. Миграция кызматы билдиргендей, арыз берген чет элдиктердин баары ИИМдин текшерүүсүнөн өтөт.

Качкын макамын алгандар мыйзам боюнча 3 жылдан кийин жарандык алууга кайрыла алышат.  Кыргызстан 1993-жылдан бери 20 миңден ашык качкынды кабыл алган. Алардын айрымдарына статус берилип, кийинчерээк жарандык алышса, бир тобу Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку Комиссарлыгы аркылуу 3-өлкөгө чыгып кетишкен.