Жаңылыктар
Балдар үйү менен интернаттарда балдардын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Балдар үйү менен интернаттарда балдардын саны өсүүдө

Ар бир бала ата-эненин мээримине чөмүлүп жашоосу керек. Бирок тилекке каршы балдар үйү менен интернаттарда балдардын саны өсүп жатат. Андыктан, наристени үй бүлө мээримине чөмүлтүп, балалыктын таттуу күндөрүнө кайтаруу үчүн атайын иштер башталган. Анда балдарды багып алууну каалаган ата-энелерге берилип, алар атайын адистер тарабынан окутулуп, атүгүл эмгек акыда төлөнүп берилет. Учурда мындай абалда 9 бала жаңы үй бүлөсү менен күн өткөрүп келишет.

Кыргызчаны так сүйлөгөн бул орус улутундагы кыз болгону 3 жашта. Ага кыргызча Аруузат деп ысым коюшкан. Өз баласындай көрүп, мээримин чачып, кучагына алган эне эми экөөбүздү эч ким ажырата албайт, - дейт.
Эльмира эже кызды багып алаардын алды атайын окуудан өткөн. Ал үчүн энеге айына 12 миң сомдон кадимкидей эле эмгек акы төлөнүп, 2 ай сайын жууркан төшөктөн да камсыз болуп турушат.
Эненин мээрими чексиз. Андыктан Аруузаттын жаңы апасы биротоло өзүнө каттатып алуу чечиминде турат. Бирок, мыйзамда буга жол жок. Анткени кыздын өзүнөн улуу агасы да бар экен. Азыр ал балдар үйүндө тарбия алып жатат.