Жаңылыктар
Кыргызстандын Суперкубогу үчүн "Алай"-"Абдыш-Ата" беттешет
Спорт
Кыргызстандын Суперкубогу үчүн "Алай"-"Абдыш-Ата" беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын 2016-жылкы Суперкубогу үчүн беттеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.

Суперкубок үчүн 2015-жылы Топ-Лигада чемпион аталган Ош шаарынын "Алай" жана 2015-жылы Кубоктун ээси болгон Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командалары өз ара топ талашат. Оюн 5-мартта болот. Башталышы саат 15:00.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Суперкубогу сезондун ачылышына карата жыл сайын өтчү футболдук мелдеш болуп саналат. 2011-жылдан бери уюштурулуп келет. Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган командалар буга чейин Суперкубокто жеңип көргөн эмес.

Кыргызстандын Суперкубогунун жеңүүчүлөрү: 2011 – "Нефтчи", 2012 – "Дордой", 2013 – "Дордой", 2014 – "Дордой". 

2015 – жылы болсо өткөрүлгөн эмес.