Жаңылыктар
Кыргызстан “генийлер” олимпиадасында сап башында
Билим
Кыргызстан “генийлер” олимпиадасында сап башында

Кыргызстандык окуучулар АКШнын Нью-Йорк штатында өткөн "Генийлер" олимпиадасынан эки алтын, эки күмүш, бир коло медалга ээ болушту. Олимпиадага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн келген 12ден 18 жашка чейинки окуучулары учурдун глобалдуу көйгөйү болгон экологияны коргоо багытындагы эмгектери боюнча күч сынашты. 

"Сейтек" билим берүү мекемесинин 6-класстагы окуучулары 6 долбоор даярдап барып англис тилинде жактаган. Жыйынтыгында 5 долбоор алдыңкы орундарга жетишип, бирөө кызыктыруучу сыйлыкка татыды. "Генийлер" олимпиадасынын расмий сайтынан Кыргызстан эң көп долбоор менен катышып жаткан өлкө катары сап башында турганын көрүүгө болот. Сынакка жиберилген долбоорлордун саны 1187ни түзсө, анын 81ин кыргызстандык окуучулар алып барган. Бишкектеги "Айчүрөк" кыздар лицейи 32 долбоор менен катышып алдыңкы сапка чыкса, 26 долбоор менен АКШ экинчи орунга, 25 долбоор менен Танзаниянын окуучулары үчүнчү орунга чыккан.