Жаңылыктар
Президенттикке талапкер эки жаран арыз берди
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкер эки жаран арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызмат ордуна талапкерликке өзүн- өзү көрсөтүү жолу менен эки жарандан арыздар түштү. Биринчи арыз коррупцияга каршы элдик кыймылынын башчысы, “Кыргызстан патриоттук партиясынын” жетекчиси Назарбек Нышановдон түшкөн. Экинчиси Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаевден келген. 

Эске салсак, Текебаевге карата ушул күндөрү “Алдамчылык” жана “Коррупция” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиялык бизнесмен Леонид Маевский укук коргоо органдарына арыз жазып, эл өкүлүнө каршы көрсөтмөлөрдү берген. Текебаев тергөө версиясы боюнча Маевскийден миллион доллар өлчөмүндө пара алып, “Мегакомдун” башкармалыгы сөз кылган. 

Бирок, белгилүү болгондой, сөзүнө турган эмес жана бизнесмендин акчасын да кайтарган эмес. Белгилей кетсек, талапкерлердин арыздары 1-августка чейин кабыл алынат. Андан кийин талапкерлер шайлоочулардын колдорун тапшырып, кыргыз тили боюнча тесттен өтүп, миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.