Жаңылыктар
Кыргыз-Орус дипломатиялык мамилелерине 25 жыл
Саясат
Кыргыз-Орус дипломатиялык мамилелерине 25 жыл

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Орусияга мамлекеттик сапары менен барат. 24-июнга чейин созула турган мамлекеттик сапар өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына арналат. 

Сапар Орусия президентинин чакыруусунун алкагында ишке ашырылууда. Алмазбек Атамбаев Владимир Путин жана премьер-министр Дмитрий Медведев менен жолугушат. Мындан сырткары, Кыргызстандын мамлекет башчысы илимий бирикмелердин өкүлдөрү жана Орусияда жашаган кыргызстандыктар менен дагы жолугат. Ал Орусиядагы Кыргызстан маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат жана 20-июнда Кремлдин чоң залында кыргызстандык таланттардын концертин көрөт. 

Ошондой эле, тараптар миграция, саламаттыкты сактоо, финансы жана статистика чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууга тийиштүү документтерге кол коюшат.