Кылымдарды карыткан кыргыз көчү. Бишкектин четиндеги “Чуңкурчак” жайлоосунда дөөлөттүү элдин байыркы турмушун чагылдырган иш-чара болуп өттү. Анда кыргыз элинин кастарлуу көчүнөн тарта, улуттук оюндар: көк бөрү, кыргыз күрөш жана ошону менен катар Манас айтуу фестивалы да орун алды. Көчмөн элдин турмушун чагылдырган “Чуңкурчак” көчү- 2017 этно фестивалын Арашан айыл өкмөтү колго алып уюштурушкан.
"Бул биз көрсөткөн көч кичи көч деп аталат. Айылдан жайлоого бир үй-бүлөнүн келиши",- дейт уюштуруучу Бакытбек Керимбеков.