Жаңылыктар
Футбол биринчи кезекте күйөрмандар үчүн ойнолушу керек
Спорт
Футбол биринчи кезекте күйөрмандар үчүн ойнолушу керек

Учурда кыргыз футболунун деңгээлин жогору деп айта албасак да, жылыштар бар. Дараметине жараша футбол федерациясы аракеттерди көрүп келет. Бүгүнкү күндө өлкө чемпионатынын жогорку лигасында 6 гана команда ойнойт. Бул өз кезегинде футболдун өнүгүшүнө түрткү боло албайт. Ал эми “Дордой” футболдук клубунун президентти Аскар Салымбековдун айтуусунда, эл аралык ФИФА уюму Кыргызстандын футбол чөйрөсүндө реформалар болуп жатканына ыраазы болушканын ачыктады.

Кыргыз футбол федерациясынын жетекчилигине жаш адистердин келиши менен курама командабыз, ар бир маанилүү делген оюндарынын алдында чет жактарга барып, машыгуу сборунан өтүп турушат. Демек, аз да болсо футболубуздун жакшы нукка бурулганын айтууга болот. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

 Бакыт Тапаев, "Биринчи радио"