Жаңылыктар
Кыргыздын колу сындуу уздары КТРКда
Маданият
Кыргыздын колу сындуу уздары КТРКда

Президент А.Атамбаевдин жарлыгы боюнча 2016-жыл "Тарых жана маданият жылы" болуп жарыяланган. Ошого карата КТРКнын  "Улуу Мурас" телеберүүсү жандандырылууда. 

Теледолбоордун жаңылануусунун алкагында КТРКда Ат-Башы өрөөнүнөн "Алтын чөйчөк" уздар бирикмеси келип, кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын, кол өнөрчүлүгүн, зергерчилигин, оймочулугун, бычмачылыгын, темир жана жыгач устачылыгын даңазалоо максатында мастер-класс көрсөтүштү.

Уздар 3 күн аралыгында боз үй тигип, шырдак жасоонун, жүн салуунун, ала кийиз жасоонун, ийик ийирүүнүн, шырдак оюунун, бычуунун, шыруунун түрдүү ыкмаларын тартуулашты. 

Жана ошондой эле кыргыздын үрпа-адаттарынан келин алуу, тушо кесүү, секелек кыздардын чачын өрүү жана башка салттары көрсөтүлдү.