КТРК КЕРБЕНИ
ЖАҢЫ СЕЗОНУ СТАРТ АЛДЫ
КТРК КЕРБЕНИ ТҮШТҮК АЙМАКТА
Коомдук биринчи каналдын «КТРК Кербени» теледолбоорунун чыгармачыл тобу Ош облусунда. Ош жергесинин кооз жаратылышы, тарыхый, маданий жайлары жана Ош элинин меймандостугун даңазалаган көрсөтүү даярдалууда.
КТРК КЕРБЕНИ КЫРГЫЗ-АТА УЛУТТУК ПАРКЫНДА
Карагайлуу токойго курчалган Кыргыз-Ата тарыхый жана маданий эстеликтердин көптүгү менен туристтерди өзүнө тартат. Тарыхый байлыктарга толгон баалуу жерде чыгармачыл топ барып, ал жердин кызыктарына чогуу күбө болушту.
КЕРБЕН ЖАЙЛООДО
Чыгармачыл топтун бир күнү аскасы бийик тоолор менен курчалган, абасы таза жана салкын келген жайлоодо өттү...
Чокусун булут ороп, аскасы тиреген тоолор
Аскасы булут тиреген, бийик аскалуу тоолордун сулуулугуна суктанбай кое албайсың.
Меймандос элдин тандыр наны өзгөчө даамдуулугу менен айырмаланат
Ордолуу ОШ шаарындагы Сулайман-Тоодогу музейге күнүгө жүздөгөн адамдар кирип, тарыхтын баалуу байлыктарына күбө болуп чыгышат
Абшыр-Ата шаркыратмасы
Абшыр-Ата шаркыратмасы Ош шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шаркыратма суусу 12-15 метр бийиктеги асканын боорунан атырылып чыгып турат. Анын суусунун дарылык касиети бар экени айтылып келет.
Уламыштарга таянсак, дербиш таягы менен асканы урганда ал жерден сүт атырылып чыккан экен. Ошондон бери бул жер ыйык деп эсептелип калган. Бирок кишилер бул жерге көп сыйынбай, аны сактабай койгондуктан сүт сууга айланган дешет уламышка таянгандар.
Берекелүү Ош жергесинин даамдары...
КТРК КЕРБЕНИ түштүк аймактагы сапарын Баткен жергесинен баштаган.
Баткендеги кызыктуу күндөр сүрөттөрдө...

КТРК КЕРБЕНИ теледолбоорунун жаңы сезону
Кербендин чыгармачыл тобу алгачкы 2 сезондо жети дубанды түрө кыдырып, карапайым калктын арасында көмүскөдө көрүнбөй жаткан демилгелүү, ойлоп тапкыч, эмгекчил жана таланттуу адамдарды таап, алар менен бир күн бою бирге болуп, турмушун баяндап беришкен.
Ал эми, жаңыдан старт алган сезондогу чыгарылыштары Кыргызстандын жаратылышы кооз жерлерин даңазалап, тарыхый жерлеринде болуп, алар тууралуу кенен маалымат менен коомчулукка чыгышат.
Made on
Tilda