Жаңылыктар
Арча-Бешик конушунда суу көйгөйү жаралды
Кыргызстан жаңылыктары
Арча-Бешик конушунда суу көйгөйү жаралды

Арча-Бешик конушундагы Булан Насыров көчөсүнүн жашоочулары бир канча жылдан бери суу азабын тартып келишет. Бул көчөдө суу бир эле түтүк аркылуу келгендиктен  түшкө чейин араң агат. Ошол аралыкта тургундар сууларды бачокторго толтуруп  жетишүүсү зарыл. Ал эми үлгүрбөй калгандар суусуз кала турганы белгилүү.  Бул маселе  менен тургундар  шаар бийлигине  кайрылышкан.  Бирок алар көйгөйдү чечүү үчүн убакыт талап кылынаарын айтышууда. 

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бир тобу көп жылдардан бери эле  суу жетишсиздик көйгөйү менен жашап келет. Бул маселени чечүү үчүн тийиштүү мекеме  аракетт  корүп жатабыз деген  менен эч майнапсыз. Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары шаар мэр Албек Ибраимов менен болгон жолугушууда суу маселесин көтөрүштү. Эми бул ирээт шаар бийлиги канчалык денгээлде көйгөйдү чечип берет аны убакыт көрсотөт.  

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"