Жаңылыктар
“Ак шумкар” партиясы президенттикке талапкер катары Т.Сариевди көрсөттү
Шайлоо 2023
“Ак шумкар” партиясы президенттикке талапкер катары Т.Сариевди көрсөттү

Бишкекте “Ак шумкар” партиясынын съезди өттү. Партия президенттикке талапкер катары Темир Сариевди көрсөтүү чечимин кабыл алды. Съездге Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы чакырылышынын депутаттары да катышканы айтылууда.

Эскерте кетсек, 15-июндан баштап Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү башталды. Мамлекет башчылыгына партиялардын съездинин чечими менен, 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол топтоосун жыйнаган, миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн топтогон жаран талапкер катары каттала алат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.