Жаңылыктар
С.Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусун кыдырды
Аймак
С.Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусун кыдырды

Ал эми Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жумуш сапары менен Жалал-Абад облусун кыдырды. Премьер-министр Ноокен районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы бир катар айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, ирригациялык каналдын жана бала бакчанын ачылышына катышты. 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 50 балага ылайыкталган бала бакча ачылды. Мектепке чейинки мекеменин тасмасын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кесип, убагында менчикке өтүп кеткен бала бакчаларды мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча ыкчам аракеттер жүрүп жатканын белгиледи. Ушул тапта 144 бала бакча кайтарылды. Ошентип өлкө аймагында 80 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги 1542 бала бакча болду. Ал эми жеке менчик бала бакчаларды ачууга уруксат берген лицензияларды алуу жол-жобосу жеңилдетилди жана салыктан бошотулду. Бул аракеттин баары мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү максатын көздөйт.

Жээнбеков Жалал-Абад облустук ооруканасынын медициналык тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш иши 2017-жылдын май айында Германия Федеративдик Республикасынын каражатынын эсебинен башталган. Премьер-министр курулуш ишинде бардык ченемдер жана талаптарды сактоо зарылдыгын белгиледи. Обект келерки жылы пайдаланууга берилет.

Калк муктаж болгон социалдык объектилерди куруу менен бирге өкмөт ирригациялык объектилерди модернизациялап бир эле маалда чек араны бекемдөө, ички миграцияны токтотуу жана жумуш орундары менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлөрдү чечип жатат. Мындай шарт жергиликтүү элди, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну шарттайт. Ноокен районунда узундугу 5300 метр Келечек каналы пайдаланууга кирди. Сооронбай Жээнбеков быйыл бир катар ирригациялык объектилерди пайдаланууга тапшыруу даярдалып жатканын ырастап, өкмөт 2026-жылдарда өлкөнүн ирригациясын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны бекитти-деди.


“Келечек” каналынын ачылышы менен 1300дөн ашык гектар жерди өздөштүрүүгө жол ачылат. Жыл ичинде сууну жоготуу эки миң куб метрге чейин азаят.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганы ата мекендик азыктарды миллиондук рынокко экспорттоого шарт түзүлдү. Эгер продукция атаандаштыкка туруштук берсе экспорттоого толук мүмкүн. Өкмөт башчы Ноокен айыл аймагында “Ноокен” пахта чыгарган айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышып, айыл чарба азыктарынын башка түрүн, мөмө жана жер жемиштерди өстүрүүнү карап чыгууну сунуштады. Анын үстүнө өкмөт дыйкандарды заманбап агротехникалар менен камсыз кылууга болгон күч аракетти жумшоодо. Ошондой эле дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыялар жана лизингге техника берилүүдө.

Кооперативде миңден ашык адам жумуш менен камсыз болуп, 650 гектар жерге пахта жана буудай өстүрүлөт. Жакынкы келечекте пахтаны кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү ниети бар.

Ноокен айылындагы күнөскана чарбасынын кожоюндары да жашылча-жемиштерин экспортко чыгарууга далалаттанууда. Мында помидор жана цитрус өсүмдүктөрүнүн түрлөрү өстүрүлөт. Күнөскана 2012-жылы курулган, өндүрүлгөн продукциялар азырынча жергиликтүү базарга чыгарылууда. Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарын ушундай анча чоң эмес ишканаларды ачкан ишкерлерди колдоо менен ар кандай жардам көрсөтүүгө чакырды.

Ал эми бензин, дизель, мазут чыгарган «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы жергиликтүү рыноктун суроо-талабын аткарып жатат. Муну менен катар ишкана техникалык жана мотор майлары, жол битуму жана кокса өндүрүү боюнча иш чараларды жүргүзүүдө. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 500миң тонна нефтини кайра иштетет. Ишкана жетекчилиги келечекте заводду модернизациялоо пландаштырылууда. Бул аракеттер чыгарган өндүргөн продукцияны эл аралык стандарттарга ылайыктоого багытталган. Буга байланыштуу премьер-министр ишкананы модернизациялоонун алкагында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын күйүүчү-майлоочу май менен толук көлөмдө камсыздоону сунуштады.

Өкмөт башчы муну менен катар «Жалал-Абад Таттусу» ишканасынын филиалы «Келечек» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана айнек идиштеги минералдык суу чыгарат. Өндүрүштүн кубаттуулугу саатына 3000 бөтөлкөгө жетет.